Коом

Кыргызстандын маалымат технологиялар форуму болуп өттү

Кыргызстандагы ИТ-тармагындагы эң масштабдуу иш чара – Кыргызстандын маалымат технологиялар форуму (КМТ)-2023 жана алгачкы Интернетти башкаруу боюнча Кыргызстандын форуму болуп өттү. Бул масштабдуу форумга  Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз […]Читать далее

Коом

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды 

Бүгүн, Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, эскилиги жеткен жарнамаларды Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте алуу жана тартипке салуу иштери аткарылды. Бул тууралуү Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Ошондой эле, соода жайларынын жана имараттарынын сыртындагы жарнак объекттеринин ар […]Читать далее

Аймак

Өлкө аймагындагы мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүүдө

Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө боюнча иш чаралар планына ылайык жана президенттин “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгына ылайык өлкө аймагындагы мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Республикалык сынактын алкагында бүгүн Нарын шаарында 300 окуучу Манас […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды.  Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 3 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 25-апрелинен 1-майга чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 1,3 миң күнөскана иштейт

2023-жылдын I кварталына карата республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1305 даанага жетти. Алардын ээлеген аянты 175,6 га жерди түзөт. Облустар боюнча алып караганда: Чүй облусунда 98 даана (69,2 гектар); Ысык-Көл облусунда 50 даана (2,4 гектар); Нарын облусу боюнча 34 даана (13,9 гектар); Талас облусунда 10 даана (1 гектар); Ош облусу боюнча 348 даана […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Жолугушуу бүгүн 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен […]Читать далее

Коом

Төрт облуста үшүк жүрүшү күтүлүүдө

2023-жылдын 3-6-майында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган […]Читать далее

Uncategorized @kg Коом

“Манас” Эл аралык аэропорту”: Жаңы күйүүчү май куюучу комплекстинин курулушу

2023-жылдын 2-майында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «ИНТЕК» ЖЧКсынын жаңы күйүүчү май куюучу комплекстин курулушуна капсула салды. Манасбек Самидинов куттуктоо сөзүндө жаңы комплекстин курулушу сакталуучу авиа күйүүчү майдын көлөмүн 1125 м3 дан 8000 м3 чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи. Бул аба кемелерди авиа күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү […]Читать далее

Коом

Чүй облусунда 2 гектар аянтка жаңгак, терек жана унаби көчөттөрү

Жаратылыш ресурстары, министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Улуттук Илимдер Академиясынын жана Эл аралык уюмдардын катышуусу менен Чүй облусунун Талды-Булак жана Сары-Булак айылдарындагы 2 га аянтка көчөттөрдү (грек жаңгагы, унаби, Терек) отургузушту. Бак отургузуу “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын жана «Улуттук тазалык күнүнүн» алкагында ишке ашты. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89 буйругун аткаруу максатында […]Читать далее

Билим

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын маалымдайт. Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт: I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү); II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү); III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү […]Читать далее