Төрт облуста үшүк жүрүшү күтүлүүдө

 Төрт облуста үшүк жүрүшү күтүлүүдө

2023-жылдын 3-6-майында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Связанный пост