Президент

ТМУ бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты: ·         Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы; ·         «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим; ·         «Өзбекстан Республикасынын […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жылдын биринчи жарымында оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы иштердин жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө турмуштук оор кырдаалда турган 2 669 бала аныкталды. Анын ичинен 161 бала зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн жапа чеккен. Соттун чечими менен 195 бала камкорчулукка […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Будапештте ТМУнун бейформал саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгриянын Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Уюмдун байкоочу өлкөсү – Венгрияда биринчи жолу өткөрүлгөн бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Венгрия Европа бирлиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын баса белгиледи. «Ушундай […]Читать далее

Аймак

Таласта аэропортко караштуу жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Талас шаарындагы аэропортко тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон Талас шаарындагы аэропорттун 2900 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. “Көрүлгөн чаралардын негизинде жогоруда белгиленген жер тилке мамлекетке […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев ТМУнун ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн Будапешт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ ТИМК) бейформал жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйын Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өттү жана ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери, ТМУнун башкы катчысы, ошондой эле байкоочу мамлекет катары Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катышты. Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Түрк […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Талас облусун өнүктүрүү программасы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында регионду өнүктүрүү программасы менен таанышты. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. Азыркы учурда шаардын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Будапештте ТМУ саммитине катышуу үчүн “Варкерт-Базар” имаратына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн “Варкерт-Базар” имаратына келди. Мамлекет башчысын Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее

Президент

Будапештте Садыр Жапаров менен Виктор Орбан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун алдында премьер-министрдин кеңсесинде кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүү залына бет алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле түрдүү тармактарда […]Читать далее

Коом

“Достук” чек арасында мыйзамсыз ташылып келген малдын ич эти артка

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ош облусундагы “Достук” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүккө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 13 400 кг бодо малдын ич эти табылган. Жүк ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегенин жана мыйзамсыз экени […]Читать далее

Министрлер кабинети

Таласта үч өнөр жай заводунун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдорун куруу үчүн капсула салуу аземине катышты. “Бул кадам –  Кыргыз Республикасынын экономикасын жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маанидеги иш-аракет. Акыркы 4 жылда мамлекеттин экономикасы 9-10%дык өсүштөгү темп менен алдыга бара жатат. Жыл сайын жүздөгөн ишканалар, заводдор, фабрикалар, соода логистикалык борборлор ачылууда. […]Читать далее