Бишкек шаарынын мэриясы бюджеттик каражаттын эсебинен оңдолгон айрым имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салды. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул талап Чүй, Жибек жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектилериндеги, ошондой эле Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү имараттарга тиешелүү. Мэриянын маалыматына ылайык, имараттардын фасаддарын өз алдынча сырдоого, каптамасын алмаштырууга, балкондорду айнектөөгө, кондиционерлерди жана жарнамалык конструкцияларды уруксатсыз орнотууга болбойт. Фасаддарга өзгөртүү киргизүү […]Читать далее
Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун фондунан билдиришти. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ал Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор болгон. Эмгек жолун Илимдер академиясында баштап, кийин жогорку окуу жайда окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана проректор болуп иштеген. […]Читать далее
Бишкекте 28-октябрдан тарта жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынды. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле […]Читать далее
Бишкектеги жаңы “Ош” базары келерки жылдын март-апрель айларында ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчысы базарды мамлекет өзү куруп жатканын эске салды. Ал бир нече жыл мурда ири базарлардын ээлерин чогултуп, 30 жылда долларлык миллиардер болушканын айтып, соодагерлерге тийиштүү шарт түзүп […]Читать далее
Венгриядагы Лаки-Телек улуттук академиясына Кыргыз улуттук ”Манас” театры тарабынан кыргыз боз үйү белекке берилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Ошондой эле залкар акын Алыкул Осмоновдун ”Көл толкуну“ китебинин венгр тилиндеги басылышынын бет ачары өттү. Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.Читать далее
Мамлекет “Дөөлөт курулуш” компаниясынын үлүшчүлөрүнүн көйгөйүн чечүүнү көзөмөлүнө алып, турак жайлардын курулушун аяктоо үчүн инвесторлорду тартты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, компания Кудайберген конушундагы 1 400 жарандын жана Сокулуктагы 1 500 жарандын каражатын курулуштун алгачкы этабында чогултуп, андан кийин […]Читать далее
Бишкектин Свердлов районунда мамлекеттик социалдык контракт программасын ишке ашыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Райондун тургундарынан жалпы 57 арыз түшкөн. Алардын ичинен аз камсыз болгон 16 үй-бүлөгө өз ишин ачууга 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди. Жыйындын жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү дагы сегиз бизнес-долбоорду жактырышты. Белгилей кетсек, райондогу муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо […]Читать далее
Ички иштер министрлиги Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу зыяндуу файлдардын таралышы боюнча жарандарга эскертүү таратты. Алдамчылар “Бул сенсиңби?”, “Видеодогу сенби?” деген билдирүүлөр менен шектүү файлдарды жөнөтүшөт. Алар колдонуучунун кызыгуусун жаратып, файлды жүктөп алууга жана орнотууга түрткү беришет. Мындай файлды Android түзмөгүнө орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына жана аккаунттардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат. ИИМ жарандарды төмөнкү коопсуздук […]Читать далее
2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн толук чечүү максаты коюлган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди. Мамлекет башчысы андан кийин негизги көңүл бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курууга жана жаңылоого буруларын белгиледи.Читать далее
Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жаңы реестрин ишке киргизди. Ведомствонун маалыматына караганда, ачык базага 2 959 басылма тууралуу маалымат киргизилип, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду. Эми ЖМКны каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет. Реестрге маалымат киргизүү мөөнөтү 7 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды. Уюштуруучу же ЖМКнын аталышы өзгөргөндө гана кайра каттоо талап кылынат. […]Читать далее