Өлкөдө эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпы 2,1 миң учуру катталган

 Өлкөдө эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпы 2,1 миң учуру катталган

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө башталгандан бери, тактап айтканда, 2021-жылдын 29-мартынан тарта, эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпысынан 2115 учуру катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

«Синофарм» вакцинасынан – 1522 (0,06%),

«Спутник V» вакцинасынан – 428 (0,37%),

«Aстра Зенека» вакцинасынан – 120 (0,07%),

«Пфайзер» вакцинасынан – 39 (0,01%),

«Спутник Лайт» вакцинасынан – 5 (0,009%)

«Модерна» вакцинасынан – 1 (0,001%).

Жалпы эмделгендер:

1-доза – 1 571 969 адам

2-доза – 1 340 263 адам

Бустер – 238 186 адам.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.

Связанный пост