Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген. «Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», – деди словакиялык адис. «Мындай жогорку квалификациялуу машыктыруучу биз […]Читать далее
Шаардык кызматтар «Мадина» базарында жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Күн тартибинде: тыгындарды чечүү, стихиялуу унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү каралды. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды. «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот. Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу
Бүгүн, 1-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган дагы бир орчундуу жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Садыр Жапаров Президент Шавкат Мирзиёев тарабынан жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа, ошондой эле өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Бүгүн 1-майда Баткен шаарында кыз-келиндер жана эркектер арасында чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорттук иш чара калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамына жана Кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду. Иш чара КРнын Президентинин Баткен […]Читать далее
2023-жылдын 30-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэро Номад» авиакомпаниясынын Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча биринчи туруктуу каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат. Маалымат катары: Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы муниципалдык мекеме- ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарынын жөө жүрүшү болуп өттү. Бул тууларуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! 1-май салтка айланган элдик майрам катары майрамдалып келет. Элибиз эзелтен эле адал эмгек адам жашоосунун мазмуну экенин, тер төккөн мээнет менен гана ийгиликтер жараларын жана талыкпас эмгек гана руханий […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма жана Бирдик айылдарына курула турган мектептердин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Эки айылга 275 окуучуга ылайыкташкан, бардык шарттары менен типтүү мектеп курулмакчы. Курулуштун ар биринин сметалык наркы 94 млн сомду түзөт жана мектеп 2024-жылдын акыркы […]Читать далее
Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып 844 млн. 512 миң сом казынага кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынан билдиришти. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, […]Читать далее