Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды

 Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды.  Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 3 бейтап ооруканага жаткырылган.

2023-жылдын 25-апрелинен 1-майга чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-2023-ж. жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 140 учуру катталды, анын ичинен  20129 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост