Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекет маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө жалпысынан ар жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жаткандыгын белгиледи. “Быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, өлкөбүздүн эл […]Читать далее
18-октябрда “Бишкек Арена” стадионунда өткөн дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти 40 миңден ашуун көрүүчүнү чогултту. Иш-чара Кыргызстан ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экенин дагы бир жолу көрсөттү. Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, 36 өлкөнүн жарандары концертке билеттерди сатып алышкан. Алардын арасында чет элдик туристтерди, өлкөгө келген конокторду жана чет өлкөлүк студенттерди кошкондо, эл аралык аудиториянын […]Читать далее
Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосун аудиокитеп форматына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго министрлик тарабынан 3 млн сом бөлүнгөн. Кечээ, 23-сентябрда аудиокитептин алгачкы бөлүгү жарык көрдү. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот.Читать далее
Улуттук тарых музейинде “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсүнүн” салтанаттуу ачылыш аземи өтүүдө. Бул көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи, Кытайдын Тяньцзинь музейи жана Ички Монголия музейинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, эки өлкөнүн музейлеринин ишмердүүлүгүн таанытууга, маданий диалогду бекемдөөгө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана кыргыз-кытай элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө багытталган. Экспозицияда үч музейден […]Читать далее
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердигине арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасманын режиссеру – Таалайбек Кулмендеев. Кинодолбоор Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган. Тасманын улуттук бет ачары 25-августка белгиленип, ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына […]Читать далее
Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан “Avignon Off 2026” эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Бугу Эне” спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Спектакль Авиньондогу “Arrache Coeur” театрынын сахнасында көрсөтүлүп, кыргыз маданиятын жана театр өнөрүн эл аралык көрүүчүлөргө таанытты. Спектакль көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында журналисттерге өлкөнүн музыкалык мектептеринин материалдык базасынын чыңдалып жатышы тууралуу айтып берди. Министрдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстан боюнча 101 музыкалык мектеп иш алып барат. Мындан тышкары, маданият тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлар жана жогорку окуу жайлар бар. “Бул багытта жаш таланттарды […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин бир иш күнү чагылдырылган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында театр оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Министрдин айтымында, акыркы жылдары театрларга болгон кызыгуу өсүп, көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. “2024-жылы театр оюн-зоок мекемелеринде сатылган билеттерден жана ижарадан түшкөн киреше 7,7 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 […]Читать далее
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде тарыхый-маданий мурас объекттеринде металл издегичтерди жана башка атайын техникалык каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоору талкууланды. Министрликтен билдиришкендей, документтин жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Талкууда металл издегичтердин мыйзамсыз колдонулушу археологиялык эстеликтердин бузулушуна жана баалуу тарыхый маалыматтардын кайтарылгыс […]Читать далее
Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында курулуш жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп […]Читать далее