Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жолугушуу бүгүн 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле;

– учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу,

– сугат сууну пайдалануу,

– сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо,

– көпүрөөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Эки тараптуу комиссия үстүбүздөгү жылдын 4-майында Лейлек районунун Максат айылында жолугушуусу пландалды.

Белгилей кетсек, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатын көздөйт.

Жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч.

Связанный пост