Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады

 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аларды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Адылбек Касымалиев айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл», санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары чет элдик туристтер үчүн уникалдуу аймак болуп саналат, ошондуктан тоо туризми жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Экономикалык кызматташууну активдештирүү алкагында кыргыз тарап иш-чаранын жүрүшүндө бири-бирине өз ара пайдалуу долбоорлорду сунуш кыла ала турган эки өлкө ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүүнү сунуштады.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттер ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин британ тарапка сунушталган түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун кароону тездетүүгө ишенимин билдирди.

БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министр, лорд Тарик Ахмад өз кезегинде Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясына иш сапары жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

Лорд Тарик Ахмад сунуштарды карап чыгууга, ошондой эле аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө британиялык тараптын даяр экендигин белгиледи.

Связанный пост