Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат

 Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын маалымдайт.

Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Связанный пост