Президент

Садыр Жапаров карды жиреп мектепке барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айды-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Буга чейин социалдык тармактарда 4-класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады. Ал Нурзаманды президенттик […]Читать далее

Коом

Екатеринбургда камакта жаткан 15 кыргызстандык жакында өлкөгө кайтарылат

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, борбордо учурда Кыргызстандын 40 жараны кармалып турат. Консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, юридикалык кеңештерди беришти. Кармалган жарандардын ичинен 15и жакынкы арада аба каттамдары аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт. Башкы консулдукка “Асбестовский” бөлүмүндө […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин төрагалары шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо маселесин карашты. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагалары болуп шайланды: – Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча […]Читать далее

Коом

19-декабрда президенттик балаты майрамы өтөт

19-декабрда Бишкекте президенттик балаты майрамы өтөт. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышат. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн окуучулар чакырылган. Жаңы жылдык иш-чараны утурлай алыскы райондордон келе турган балдар жолго чыгышканы да кабарланган.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басарын жана эки орун басарын шайлоо маселесин карашты. Анда «Элдик» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Чыңгыз Ажибаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунан Жылдыз Таалайбек кызы жана «Мекенчил» депутаттык тобунан депутат Карим Ханджезанын […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда биринчи жолу салык жыйноо планы мөөнөтүнөн мурда аткарылды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык бекитилген болжолдуу планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Бекитилген планга ылайык, 2025-жылы 268 млрд 326,4 млн сом салык түшүүсүн камсыз кылуу каралган. Салык кызматы салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн туруктуу динамикасын жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун көрсөтүү менен бул көрсөткүчтү толук көлөмдө […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди

КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 9, 30-беренелерине ылайык парламенттин түзүмү каралды. Аталган маселени кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйыны Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны режимине өттү. Эске салсак, депутаттар Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин төрагалыгына депутат Улан Примовду шайлашкан. Комитеттин жыйынында парламенттин түзүмүнүн долбоору жактырылып, депутаттар Жогорку Кеңештин жыйыны режимине кайтышты. Алсак, парламенттин түзүмүнүн долбоорунда: Төрага, анын биринчи орун […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Тургунбек уулу: Жогорку Кеңеште конструктивдүү сындар айтылып, элдин үнү

Жогорку Кеңештин жыйынында VIII чакырылышынын Төрагасы болуп шайланган Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, алгач эл өкүлдөрүн депутат болуп шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле ишеним көрсөтүп, парламенттин Төрагасы кылып шайлаган кесиптештерине ыраазычылыгын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Өзүмдүн буга чейинки алган тажрыйбамды Жогорку Кеңештин коомдогу жана өлкөдөгү ролун бекемдөөгө жумшоо менен парламенттин кадыр баркын көтөрүүгө арнайм”,– деди. […]Читать далее

Аймак

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника келет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Автобустун ачкычын Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тапшырды. 24 орундуу автобустар Кытайдан алып келинген. Жакынкы күндөрү шаарга кошумча дагы 10 даана атайын техника алып келүү пландалууда. Ошондой эле Туманбаев Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Депутат Нурланбек Тургунбек уулу КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо маселесин карашты. Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык алгачкы жыйын парламенттеги жашы эң улуу депутат Гүлай Машрапованын төрагалыгы астында өттү. Анда «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Элдик», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтору Жогорку Кеңештин Төрагасы кызмат ордуна №15 округдан шайланган депутат Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин […]Читать далее