H2O Racing уюмунун президенти жана UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жетекчиси Николо ди Сан Жермано Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн маалымат жыйынында айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын туура пайдалануу мелдештерди өткөрүүдөгү негизги принциптердин бири экенин билдирди. Ал чемпионат көп жылдан бери көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган атайын программаны ишке ашырып келерин белгиледи. “Биз көмүр […]Читать далее
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда алгачкы жолу суу-мотор спорту боюнча F1H2O (“Формула-1” суудагы жарышы) боюнча дүйнө чемпионатынын этабы өтөт. Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, мелдешти өткөрүүгө бардык инфраструктура толук даяр. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан эл аралык иш-чаралар аянтчасы курулуп, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык […]Читать далее
Formula 1 H2O кайыктар жарышы үч күн ичинде 2 сааттан гана болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, кайыктар жарышы оюн-зоок сыяктуу маданий иш-чаралар менен коштолмокчу. “Мелдешке катыша турган командалар келип жатышат. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы менен биргеликте конокторду тосуп алып, Ысык-Көл облусуна […]Читать далее
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан “Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial” эл аралык рейтингдик турниринде алтын медаль жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде америкалык Далтон Робертсти 4:0 эсебинде тушеге […]Читать далее
Испаниянын футбол боюнча курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын жеңип алды. Финалдык беттеште Европанын азыркы чемпиону болгон Испания дүйнөнүн азыркы чемпиондору эсептелген Аргентина курамасы менен кез келди. Оюндун жүрүшүндө испандыктар толук артыкчылыкка ээ болгону менен, өздөрүнүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүн голго айланта алышкан жок. Негизги убакыттын эң соңку мүнөттөрүндө Аргентина курамасынын оюнчусу Энцо Фернандес экинчи сары баракчасын алып, […]Читать далее
Аргентина Англияны 2:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт. Анда белгиленгендей, бул Аргентинанын катары менен экинчи жолу финалга чыгышы. Оюндун 55-мүнөтүндө Англиянын оюнчусу Энтони Гордон эсепти ачып, командасын алдыга чыгарган. Бирок беттештин соңунда Аргентина оюнду өз пайдасына бура алды. 85-мүнөттө Энцо Фернандес эсепти теңесе, кошумча убакытта Лаутаро Мартинес жеңиш алып келген […]Читать далее
2026-жылдын 12-июлунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кажы-Сай шаар тибиндеги кыштагында жайкы спорттук сезондун эң маанилүү иш-чараларынын бири — Кыргыз Республикасынын акватлон боюнча чемпионаты, ошондой эле ISSYK-KUL AQUATHLON 2026 ышкыбоздор мелдеши жана ISSYK-KUL AQUATHLON RELAY 2026 командалык эстафетасы өткөрүлөт. Мелдештерди Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясы уюштурууда. Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы спортчулары, жаш атлеттер, […]Читать далее
Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди. TYR Pro Series турниринин финалындагы жарышта кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 9,16 секунддук жыйынтык менен биринчи орунду камсыздады. Белгилей кетсек, мелдеште Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүздү. Бул жарышка жалпысынан 46 спортчу катышкан.Читать далее
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилегендей, Формула-1 UIM F1H2O чемпионаты учурунда жана ага чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү кызматтар, бир катар эксперттер жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тартыларын билдирди. Анын айтымында, мелдешти өткөрүү маселеси боюнча Ысык-Көл биосфералык аймагынын талаптары да эске алынган. Тиешелүү мекемелер менен кеңешүүлөр жүргүзүлүп, […]Читать далее
Кыргызстанда өтө турган UIM F1H2O суу-мотордук Формула-1 дүйнө чемпионатынын Ысык-Көл акваториясына тийгизе турган таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизалар аркылуу бааланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чаралар үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо талап кылынбайт. Ошентсе да коомчулукта жаралган […]Читать далее