“ЭлТР” МТРКсы тууралуу...

     1967-жылдын 15-сентябрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин коллегиясынын чечими менен “Радиоуктуруунун Ош облустук башкы редакциясы” негизделген. Туңгуч уктуруу 1968-жылдын 20-январында кечки саат 20:00дө экинчи программа аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагынын калкына тартууланган.
     1970-жылдын 9-сентябрында көгүлтүр экранда миңдеген телекөрүүчүлөрдүн куттуу аудиториясына “Ош студиясы” алгачкы көрсөтүүсүн тартуулады. Жарым кылым аралыгында аталышы жана милдеттери бир канча жолу өзгөрүп, облустук студия мамлекеттик телеканалга айланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгы менен “Ош-3000” телерадиокомпаниясы “ЭлТР” коомдук телерадиоберүү компаниясына айланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартында Токтому менен “ЭлТР” коомдук телерадиоберүү компаниясы “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы макамын алып, мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды көрүүчүлөрдүн назарына тартуулап келет.
     Бүгүнкү күндө “ЭлТР”, “Билим жана Илим” каналдары, “ЭлФМ” радиосунан сырткары заман талабына ылайык социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу өз продукцияларын көрүүчүлөрдүн жана угармандардын назары менен сынына салып келет.