“Манас” Эл аралык аэропорту”: Жаңы күйүүчү май куюучу комплекстинин курулушу башталды

2023-жылдын 2-майында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «ИНТЕК» ЖЧКсынын жаңы күйүүчү май куюучу комплекстин курулушуна капсула салды.

Манасбек Самидинов куттуктоо сөзүндө жаңы комплекстин курулушу сакталуучу авиа күйүүчү майдын көлөмүн 1125 м3 дан 8000 м3 чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Бул аба кемелерди авиа күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жогорулатат жана өндүрүштүк ишмердүүлүк үчүн шарттарды жакшыртууну камсыз кылып, объекттеги коопсуздук менен экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат.

“Жаңы комплекс кардарларыбызды сапаттуу тейлөөгө жана объектибиздеги коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жардам берет деп ишенебиз.

Биз кардарларыбыз жана кызматкерлерибиз үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жана иштөө шарттарды жакшыртуу боюнча ишти улантууга даярбыз», – деди М.Самидинов.

Белгилей кетсек, жаңы чыгымдалуучу кампанын резервуарларына Кыргызстандын авиа күйүүчү май менен камсыздоо маселеси боюнча укуктук жана ченемдик актыларынын талаптарына жана эл аралык IATAнын стандарттарына жооп берген технологиялык жана автоматтык жабдуулар орнотулат.

Авиакүйүүчү майды сактоо жана берүү процессин автоматташтыруу кырсык коркунучун азайтат жана жумуш учурунда тактыкты жогорулатат.

Ошондой эле, авиа күйүүчү майды кабыл алуу-берүү пункттарында технологиялык жана автоматтык жабдуулар орнотулат, бул комплекстин кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатат.

Жаңы күйүүчү май куюучу комплекстин курулушу кызматкерлердин өндүрүштүк ишмердүүлүгү боюнча шарттарды жакшыртып, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат. Бардык иштер айлана-чөйрөнү коргоого карата эл аралык жана улуттук стандарттарды жана талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

Биз бул долбоор “МЭА” ААКнын туунду компаниясы – “ИНТЭК” ЖЧКсынын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Связанный пост