Кыргызстандын маалымат технологиялар форуму болуп өттү

Кыргызстандагы ИТ-тармагындагы эң масштабдуу иш чара – Кыргызстандын маалымат технологиялар форуму (КМТ)-2023 жана алгачкы Интернетти башкаруу боюнча Кыргызстандын форуму болуп өттү.

Бул масштабдуу форумга  Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев жана Кыргыз Республиканын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Индира Шаршенова менен Сергей Слесарев катышышты.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенованын айтымында “жакында болуп өткөн IV ЮНСИТРАЛ жумушчу тобунун алкагындагы долбоордун Бириккен Улуттар Уюмундагы презентациясына Австралиянын, Венгриянын, Германиянын, Испаниянын, Россиянын, Таиланддын өкүлдөрүнүн өкүлдөрүнү жакшы баа беришти жана анын санарип өнүктүрүүгө уникалдуу жана алгылыктуу мааниси бар экендигин белгилешти”.

КМТ форумунун негизги темасы – “Маалыматтар Кыргызстандын санарип экономикасынын негизи”. Кыргызстандын алгачкы форумунда Интернеттин жеткиликтүүлүгү, санарип укуктар жана санарип доорундагы мүмкүнчүктөр жөнүндө маселелерди талкуулоого көңүл бурулду.

АКШ, Нидерланды, Эстония, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден эл аралык даражадагы санарип тармагындагы эксперттер, ошондой эле Кыргызстандын жана кошуна өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, санарип технологиялар жана санарип бизнес тармагынын эң мыкты ата мекендик эксперттер форумдардын 2000ден ашык катышучулары менен практикалык тажрыйба менен бөлүшүп, мастер-класстарды жана маалымдуу сессияларды өткөрүштү.

Связанный пост