Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды 

Бүгүн, Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, эскилиги жеткен жарнамаларды Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте алуу жана тартипке салуу иштери аткарылды. Бул тууралуү Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, соода жайларынын жана имараттарынын сыртындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына көңүл бурулду.

Жыйынтыгында бир нече ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Мыйзам ченемдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат.

Белгилей кетсек,текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Связанный пост