Кыргызстанда 22-октябрдан тартып калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрук Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 21-октябрда чыгарылган. “Көмүрдүн чекене баасы ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн өзүнчө белгиленет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. […]Читать далее
Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүү боюнча бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү төмөндөтүлдү. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы №505 токтому менен кабыл алынды. Өзгөртүүлөргө ылайык, накталай эмес эсептешүүдө жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго, башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал […]Читать далее
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан баштап Инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң”, – деди ал.Читать далее
Кыргызстан 2026-жылдын 15-октябрына карата 2 млрд 922 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берип жатып билдирди. “Электр энергиясын импорттоонун жылдык планы 4 млрд 999 млн кВт/саат. Ал эми 15-октябрга карата импорттун […]Читать далее
Бүгүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында алдыдагы күш-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жыл башынан бери ГЭСтерден 8 млрд 673 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрулдү. “Бул белгиленген 8 млрд 631 млн кВт/сааттык пландан 42 млн кВт/саатка көп”, – […]Читать далее
Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продуктукциянын көлөмү 1 640,9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 10,8 пайыз болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 9,9 пайыз эле. Өсүш экономиканын бардык негизги тармактарында байкалууда: курулуш – аткарылган иштердин көлөмү 62,2 пайызга көбөйдү; өнөр […]Читать далее
Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 55 миң сомдон ашты. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–август айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 55 079 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7%га көп. Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 16,1%га өстү. Эмгек акынын эң жогорку өсүшү төмөнкү […]Читать далее
Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары — 9,4%га; Фармацевтикалык продукциялар — 13,6%га; […]Читать далее
Кыргызстанда акыркы тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7 млрд сомду түзүп, 68,5%га көбөйдү. Инвестициялардын 85%ы пайдалуу кендерди казууга, иштетүү өндүрүшүнө, транспортко, энергетикага, билим берүү объекттерине жана турак […]Читать далее
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү тууралуу божомолун 11%га чейин жогорулатты. Бул банктын жаңы макроэкономикалык баяндамасында белгиленген. Банктын аналитиктеринин эсеби боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн экономикасы 10,8%га өскөн. Бул мезгилде инвестициялардын көлөмү 68,5%га, чекене соода 15,4%га көбөйүп, мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 8,6%га жогорулаган. Банк негизги капиталга салынган […]Читать далее