Өлкө аймагындагы мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүүдө

Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ар тараптан изилдөө боюнча иш чаралар планына ылайык жана президенттин “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыгына ылайык өлкө аймагындагы мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык сынактын алкагында бүгүн Нарын шаарында 300 окуучу Манас айтышты. Иш чара Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, орун басары Элнура, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышышты.

“Улуу кыргыздын урпактары “Манас” айтып, кыргыз уюткулуу улуу эл экенин тастыктап, өсүп келе жаткан келечек муунга өзүбүздүн көөнөрбөс тарыхыбызды жайылтып отурганыбыз бизди кубандырбай койбойт. Өткөн кылымдарда кыргыз эли өзүнүн душмандарынан Ата журтту коргоп турган учурда добулбас урулуп, айбаты арстандай жигиттин сырттандары, акылы тетик эр жүрөк, азаматтары “Манас” деп ураан чакырып, күчүнө күч, дем алып келгендиги биздин карт тарыхыбызда жазылып келет. Азыркы жаш муун ушул Манас баатырындай айкөл, намыстуу, мекенчил, чынчыл, билимдүү, берешен, күчтүү, эрктүү, ыймандуу болуп, биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызды улуу империялардын катарына кошосо деп тилек кыламын. ”-деди Нарын шаарынын мэри К. Тутуев өз сөзүндө.

“Урваным Манас” аталыштагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты: Улуттун улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу. Анын улуттук идеологиясын, баалуулугун, философиясын жайылтуу, түшүндүрүү. Айтуучулуктун жаңы багытын ачып, жер-жерлерде, региондордо «Манас» уран жаныртуу менен бирге келечегибиз болгон жаш жеткичектердин мекенчилдик сезимин ойготуу.

Связанный пост