Быйылкы окуу жылынан тарта 8-класстын окуучуларына “Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика” профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, анын максаты окуучуларды кесип тандоого багыттоо болуп саналып, өзүнчө предмет эмес, программа катары окутулат. Ошондой эле 9-класста улантылат. Анда окуучулардын өзүн-өзү таануусуна, кызыгуулары менен жөндөмдөрүн ачууга жана келечектеги билим алуу багытын тандоого жардам берет. […]Читать далее
Быйылкы окуу жылдын жаңылыгы катары кесипке багыт берүүчү жаңы окуу программасы киргизилет. Бул тууралуу Улуттук педагогикалык форумдун жүрүшүндө Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, эми 8-класстан баштап кесипке тандоо башталат. Мисалы, химия, биология багытында кеңири окутуп, медицина тармагына кызматкерлерди даярдоого багытталган мектептер ачылмакчы. “Мындай кесипке багыт берүүчү программаларды ачуу келечекте өзгөчө медицина тармагына керектүү […]Читать далее
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мугалимдерди кайра даярдоо жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы Улуттук педагогикалык форумунун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, былтыр 80 миң мугалим кайра даярдоодон өткөн болсо, быйыл 12 жылдык билим берүүгө жаңы өтүп […]Читать далее
2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 860 млн сом каражат бөлүнүп, 4,8 миллиондон ашык нускада китеп басылып чыкты. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, жаңы муунду тарбиялоо үчүн жаңы мазмун, жаңы окуу китептери керек жана сапаттуу окуу […]Читать далее
Быйыл 3-класстын жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча окууну башташат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйында билдирди. Анын айтымында, жаңы окуу жылынын негизги өзгөрүүлөрүнүн бири 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу болот. Министрлер […]Читать далее
Жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө мектептердин жана бала бакчалардын даярдыгы, педагогикалык кадрлар, окуу китептери жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Билим берүү объектилеринин […]Читать далее
Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 2026-2027-окуу жылында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 квоталык орун бөлүндү. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн орундар боюнча талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлөт. Кыргызстандын жарандары бакалавриаттын мектепке чейинки билим берүү, компьютердик инженердик долбоорлоо, агрономия, суу чарбасы жана мелиорация, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой […]Читать далее
Кыргызстандын мектептерине Россиядан 671 миң нуска окуу китеби жеткирилди. Адаптацияланган окуу китептери “Орус тили жана окуу” предмети боюнча жалпы билим берүү уюмдарына берилет. Китептерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү аземи окуу адабияттары сакталган кампада өттү. Ага Билим берүү министрлигине караштуу “Окуу китеби” басмаканасынын директору Төлөгөн Аматов жана “Менин тарыхым” фондунун эл аралык ишмердүүлүк департаментинин жетекчисинин […]Читать далее
Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутуу 2026-2027-окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Жаңы система окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана кесиптик багытын эске алуу менен билим алуусун улантууга же келечектеги кесибине даярданууга багытталган. Биринчи этапта, 2026-2027-окуу жылында 8-класстарда профилге чейинки даярдоо киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыттагы программалар сыноодон өткөрүлөт. Экинчи этапта, […]Читать далее
Жаңы окуу жылына карата 1-класстар үчүн “Алиппе” окуу-методикалык колдонмолору жана 3-класстар үчүн “Математика” иш дептеринин экинчи бөлүгү басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-класстын “Математика” иш дептеринин 2-бөлүгү 100 миң 35 нускада, ал эми 1-класстар үчүн “Алиппе-наристе”, “Алиппе жазуу жана боёо” жана “Алиппеге даярдык” колдонмолору ар бири 35 миң 700 нускадан чыгарылды. […]Читать далее