Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде 1-майдан тарта электр кубатына болгон тарифтин жогорулашы, суу маселесине байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди. — Мынакей электр кубатына болгон тариф 1-майдан тарта көтөрүлүп жатат. Айрым эл өкүлдөрү тарифтин көтөрүлүшүн дагы сындап, буга чейинки президенттер да тариф көтөрөбүз дегенде эл толкуганын айтып киришти. Буга кандай комментарий берет элеңиз? […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрель күнү саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты. Тараптар Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди. Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат. Акылбек Жапаров […]Читать далее
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана Ош шаарынын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты. Форумдун алкагында Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады. Андан сырткары […]Читать далее
Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди. Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган. Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка […]Читать далее
Ведомстволор аралык жумушчу комиссия энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы каралды. Бакыт Төрөбаев өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга, ошондой эле энергетикалык ресурстарды […]Читать далее
Италиялык делегация Кыргызстанда Соода-өнөр жай палатасын түзүүнү жана жергиликтүү ЖОЖдор менен кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу КРнын СӨП басма сөз кызматы билдирди. Соода-өнөр жай палатасына Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Таалабек Базарбаев жана ардактуу консул Кастильо Антонио баштаган делегация келди. Ошондой эле айыл чарба, текстиль, курулуш, кайра жаралуучу энергияны өндүрүү жана башка тармактарда адистешкен […]Читать далее
«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 806 миллион 573 миң сом суммада Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктарды жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Анын ичинен 2022-жылы компания казынаны 1 миллиард 343 миллион 667 миң сомго толуктаган.Читать далее
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Президенттик Администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. “Kумтөр Голд Компани” ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын […]Читать далее