Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган жаңы станция ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Станция атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында ачылды. Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты. Жаңы станция Ош […]Читать далее
Лейлек районунда быйыл 23 чакырым жолду асфальттоо жана 28 чакырым жаңы жол куруу пландалууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 13 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жаңы жолдордун айрым тилкелеринде жер иштери жүрүп жатат. Раззаков – Андарак – Көк-Таш жолунун 5 чакырымына жана Коргон – Катраң – Баул жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Ар […]Читать далее
2027-жылдан тартып Жалал-Абад электр тармактар ишканасына Корея Республикасынан гранттык негизде 120 миң “акылдуу” эсептегич берилет. Бул тууралуу кореялык адистер менен болгон жолугушууда маалымдалганын Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти. “Акылдуу” эсептегичтер Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна, Таш-Көмүр шаарына жана тиешелүү райондук электр тармактарына этап-этабы менен орнотулат. Белгилей кетсек, 2024-жылдан бери ишкананын тейлөө аймагында 106 миң “акылдуу” эсептегич […]Читать далее
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган этношаарчанын аймагы жашылдандырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, боз үйлөр жана убактылуу объектилер алынгандан кийин атайын даярдалган аянттарга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон чөбү себилет. Иштер министрлик тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен […]Читать далее
Баткен облусунда быйыл 146 чакырым жолго асфальт төшөө пландалып, бул иштерге республикалык бюджеттен 1 млрд 241 млн сом каралган. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Баткен району жана Баткен шаарынын аймагындагы бир катар жолдордо курулуш жана асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Анын ичинде Баткен – Жаңы-Баткен жолунун 4,5 чакырым тилкесинде төрт тилкелүү жол курулууда. Мындан тышкары, Туура-Таш […]Читать далее
Ноокен районунда селден жабыркаган беш турак жай ээсине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14-июлда катуу жаандан улам райондо сел жүрүп, 466 турак жайды суу каптаган. Алардын 41и алдын ала камсыздандырылган. “Бүгүн төрт үй-бүлөгө 1 млн сомдон, дагы бир үй-бүлөгө 600 миң сомдон ашык төлөм бөлүндү. Жалпысынан Ноокенде сел жана өрттөн жабыркагандарга […]Читать далее
Нарын облусунда бүгүн саат 11:54тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Бейит айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 40 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө Ак-Бейит жана Орто-Сырт айылдарында 2 балл сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Ноокат шаарындагы көп жылдан бери пайдаланууга берилбей келген 48 батирлүү турак үйдүн маселеси чечилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аэропорт көчөсү, 48 дарегиндеги төрт кабаттуу үйдүн жашоочуларына объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды. Белгилей кетсек, үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. 2023-жылы курулуш иштери кайра жанданганы […]Читать далее
Талас шаарында 11-сентябрда өтө турган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка кирүүчү бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдор 11-сентябрда иш-чара өткөрүлүп жаткан убакытта жабылат. Убактылуу чектөө төмөнкү көчөлөргө киргизилет: Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алымкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин; Бердике Баатыр көчөсү — Ч. Сатаев […]Читать далее
Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин долбоордук-сметалык документтери кайра каралып, 1,1 млрд сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, сөз 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана, 5 миң 200 орундуу спорт сарайы жана “Акылман” президенттик мектеп-лицейи жөнүндө болуп жатат. “Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында оорукана боюнча 74,9 млн сом, спорт сарайынан 479 млн сом, ал эми “Акылман” […]Читать далее