5-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч өлчөмүндө: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар кызматташтыктын жетишилген деңгээлин канааттануу менен белгилешти. Ж.Кулубаев ЕККУга демократиялык процесстерге, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдоого […]Читать далее
Кыргызстандын ТИМ башчысы Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министрин
2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Лео Докертини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, өзгөчө билим берүү тармагында, […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барды. МинКаб Төрагасынын орун басары Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун, Кытайдын Бажы кызматынын жана Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн жолугушууда тараптар биргелешкен транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту. Жолугушууда тараптар жакында эле эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты. Анда, МинКаб Төрагасынын орун басары “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын Президенти Чен Ган менен жолугуп соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар боюнча сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясына кытай маданияты жана тарыхы тааныштырылып, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуусуна катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Кытай менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүгө зор маани берээрин билдирди. “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы көп жылдык жакшы коңшулук мамилелерге […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 17-20-майында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге, суммасы менен, кол коюлду: – “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро; […]Читать далее
Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР Төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын Президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды. Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган. Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана […]Читать далее
Берлинде Кыргызстандын жарандарына визалык жеңилдиктерди берʏʏ маселелери талкууланды
2023-жылдын 11-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча Атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда Кыргыз Республикасындагы квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана Германияга жумушка жана окууга келген Кыргыз Республикасынын жарандарына визалык жеңилдиктерди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Кыргыз делегациясынын башчысы МинКаб Төрагасынын биринчи орун […]Читать далее