Статком менен “Өнүгүү саясаты институту” коомдук бирикмеси кызматташат

 Статком менен “Өнүгүү саясаты институту” коомдук бирикмеси кызматташат

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен “Өнүгүү саясаты институту” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова жарандык коомдук уюмдарынын статистикалык маалыматтарга болгон жеткиликтүүлүгү жана кабардар болушу боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Статкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул Меморандум Статком менен “Өнүгүү саясаты институту” Коомдук бирикмесинин конкреттүү бир долбоорлорду жүзөөгө ашыруудагы биргелешкен аракеттерди, чараларды жүзөөгө ашыруу максатында бекем өнөктөштүк мамилелердин калыптанышынын кепили болуп саналат.

Ошондой эле статистикалык маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудагы тараптардын мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалдарын бириктирүү, жарандык коомдук уюмдарынын статистикалык маалыматтарды издөөдөгү, салыштыруудагы жана талдоодогу потенциалын өнүктүрүү багытында биргелешкен демилгелер менен иш-чараларды жүзөөгө ашыруу механизмдери Меморандумдун негизин түздү.

Жогоруда айтылган Меморандум Улутстаткомго Өнүгүү саясаты институту менен биргеликте жарандык коомдук уюмдарынын статистикалык маалыматтар менен иштөөсүндөгү потенциалын окутуучу жана маалыматтык иш-чаралар жолдору менен бекемдөө багытында, жарандык коомдун статистикалык маалыматтарга болгон жеткилүктүүлүгү маселелери боюнча эриш-аркак кызматташтыкты камсыздоо багытында биргелешкен демилгелер менен иш-чараларды жүзөөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк берет

Связанный пост