Коом

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 14:16да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.   Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 5-май – Конституция күнү менен куттуктады. Анда мындай деп айтылат:   Урматтуу мекендештер!   Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!   1993-жылдын дал ушул күнү эгемен мамлекетибиздин негизги Баш мыйзамы кабыл алынып, келечекке багытталган маанилүү кадамдар […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:   “Кымбаттуу мекендештер!   Урматтуу кыргызстандыктар!   5-май – эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө маанилүү күн!   Конституция күнү – элибиздин эркиндигинин, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, жаратмандык менен мээнет кылуунун жана адилеттүү, өнүккөн коом куруунун майрамы.   […]Читать далее

Билим

Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү

Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.   Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз […]Читать далее

Коом

Бишкектен Ошко учкан учак авариялык конууга мажбур болду

Бишкек – Ош багыты боюнча каттаган Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 4-майда авариялык конууга мажбур болду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.   Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын себеби учактын кыймылдаткычынын бирине урунган канаттуу болушу мүмкүн.   Аба майдандан көтөрүлгөн учак 10 мүнөттөн кийин кечки саат 18:17де кайра келип конгонго аргасыз болгон. Окуяда жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар […]Читать далее

Экономика

Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясына тарифтин өзгөрүшү боюнча өз пикирин билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазган.   “Урматтуу достор,   Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин.   Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган.   […]Читать далее

Аймак

Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды

Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.   Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын […]Читать далее

Кырсык

Сузакта жабыркаган кызга операция жасалды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-майында 2015-жылы туулган бейтап Ю.А.нын баш сөөгүнүн сынуусунан улам операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты. Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланат. Калган бейтаптардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, адистер менен бардык консультациялар өткөрүлдү. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына […]Читать далее

Президент

Президент Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды.   Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген оноо кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.   Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана […]Читать далее

Аймак

Абсаттар Сыргабаев коомдук иш-чараларды уюштурууда жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев район, шаар, айыл аймак башчылары, укук коргоо жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жыйын өткөрдү.   Анда Сузак районундагы Манас айтуу иш-чарасында орун алган кырсыктын келип чыгуу себептери, уюштуруудагы кемчиликтер, жетекчилердин, милиция кызматкерлеринин жоопкерчилик маселелерин белгиледи.   Ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары район, шаар, айыл […]Читать далее