“2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Документ Бюджеттик кодекске ылайык иштелип чыккан. 2027-жылга жалпы кирешелер – 728 млрд 295 млн 553 миң сом, жалпы чыгашалар – 695 млрд 809 млн 435 миң сом, 2028-жылга жалпы кирешелер – 826 млрд 969 млн 91 миң сом, жалпы чыгашалар – 781 […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Марлен Маматалиев Нуман Куртулмуш баштаган түрк делегациясын кыргыз жергесинде тосуп алып […]Читать далее
Төрага Марлен Маматалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Төрага Марлен Маматалиев боордош Өзбекстан Кыргызстан үчүн жакын коңшу, ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйыны өткөрүлдү. «Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык» темасында уюштурулган отурумга Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, […]Читать далее
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкекке келген боордош өлкөлөрдүн парламент жетекчилерине “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Маданий иш-чара орто кылымдардагы көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплексинде өттү. Меймандарды добулбас, керней-сурнайлардын коштоосунда зоот кийимчен кыргыз баатырлары, улуттук кийимчен кыздар жана төкмө акындар тосуп алышты. […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Марлен Маматалиев Азербайжан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана боордош мамлекет экенин белгилеп, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери 24 млн АКШ долларынан […]Читать далее
Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова 18-октябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Конокту “Манас” эл аралык аэропортунан төраганын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар тосуп алышты. Сапардын алкагында Сагиба Гафарова бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат.Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Францияда жашап, эмгектенип жаткан мекендештер менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргызстандыктар виза алуу жол-жоболорун жеңилдетүү, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн Францияда таануу жана турак жай шарттарын жакшыртуу маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле консулдук кызматтарды жакшыртуу, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттик органдар менен байланышты күчөтүү боюнча сунуштар айтылды. Марлен Маматалиев […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Франция Республикасынын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу пикир алышты. Ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо, достук топторунун ишмердүүлүгүн […]Читать далее