Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-майда 9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалымат ылайык, анын ичинен Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясы президент Садыр Жапаров жана Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин катышуусунда ачылды. Иш-чарада Нурдан Орунтаев мектептер боюнча баяндама […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 6-май күнү саат 10:12де, Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=11,1). Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында Кызыл-Жар айылынан түндүк чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан 80 чакырым түндүк чыгышты карай жайгашкан. Жер […]Читать далее
Сузакта жабыркаган абалдары жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген. Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 2024-жылдын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкекте түнкү клубду жабышты. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМ менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү. 2024-жылдын 4-майына караган түнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысы бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалымат менен таанышат.Читать далее
Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылып, жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, бүгүн, 5-майда саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” туристтик борборундагы жаңы пристин долбоору боюнча мекендештер арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Өлкө башчысы бул кабар кайчы пикир жаратып жаткандыктан сурамжылоо жүргүзүүнү демилгелегендигин билдирген. “…Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн. Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө баштадык. Кудай буюрса […]Читать далее
2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 […]Читать далее
2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55-шайлоо участкасы түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесинде 125 386 шайлоочу киргизилген. №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 14 талапкерди каттады. Алардын ичинен Кыргыз […]Читать далее