Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн жылы Кыргызстанга […]Читать далее
Бүгүн, 25-июнда, Путраджая шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Азем Малайзиянын Премьер-министринин «Пердана Путра» кеңсесинин имаратында өттү. Кыргыз Республикасынын Президентин Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темадагы панелдик сессияда сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин башчысы азыркы шартта, азыркы дүйнө кризистерге жана чакырыктарга, геосаясий келишпестиктерге, эл аралык чыңалууга жана белгисиздикке толгон кезде, “Бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына келди. Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан Мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди. Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолукту. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темада сөз сүйлөйт. Форумдун алкагында […]Читать далее
Данияр Амангелдиев менен Газпромбанктын Биринчи вице-президенти Олег Мельниковдун жолугушуусу болду
Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Газпромбанктын Биринчи вице-президенти Олег Мельниковдун жолугушуусу болуп өттү. Анда, келишимдерди банктык колдоо механизмин колдонуу сүйлөшүүнүн негизги темасы болду. Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы артыкчылыктуу улуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде […]Читать далее
Данияр Амангелдиев: ЕАЭБ экономикасы катышуучу өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин синергетикасынын аркасында өстү
Петербург Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эркин баарлашуу форматында өткөн “ЕАЭБ экономикасынын реалдуу секторунун синергетикасы заманбап чакырыктарга жооп катары” сессиясында сөз сүйлөдү. Данияр Амангелдиев форумдун катышуучуларын куттуктап, уюштуруучуларга иш-чараны жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын өзгөчө белгилеп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты. Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин […]Читать далее
Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты. Эдил Байсалов Түркия Республикасынын туруктуу […]Читать далее