Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

 Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясына тарифтин өзгөрүшү боюнча өз пикирин билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазган.

 

“Урматтуу достор,

 

Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин.

 

Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган.

 

Ушул жылдын биринчи майынан баштап жогорулатуу 10,8 пайызды же 11 тыйынды түздү. Жыл сайын жогорулатуу боюнча чаралар акырындык менен электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды керектөөчүлөр үчүн тарифтерге теңдештирүү зарылдыгы менен шартталган.

 

Өткөн 2023-жылы электр энергиясынын бир кВт/с өздүк наркы 2,41 сомду түзгөн, мында калк керектөөчүлөр үчүн тариф 1-майга чейин 1 сомду түзгөн. 700 кВт/саатка чейин коюлган градацияны эске алуу менен тартыштык орточо алганда, 1,34 тыйынды түзөт.

 

Ар бир колдонулган кВт/саат электр энергиясы көйгөй жаратып, ал жыл сайын тездик менен топтолуп келе жатат. Күз жана кыш мезгилдериндеги чоң күч келгенде жабдууларды даярдоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Министрлер Кабинети бюджеттен бөлүп берет.

 

Ошону менен, жаңы мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана башка маанилүү долбоорлорду курууга делген мамлекеттин каражаты энергетикага жумшалып, көйгөйлөр чечилбей келет.

Энергетикалык компаниялар жаңы ГЭСтерди курууну пландабай калышкан, алар болгону эбак эле мөөнөтү бүткөн жабдууларды оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

 

Тарифтерди акырындык менен жогорулатууну азыртан баштабасак, бир нече жылдын ичинде электр энергиясынын өздүк наркына тең келтирбесек, анда энергетика системасынын негизги жабдууларынын толук иштен чыгуу коркунучу пайда болот.

 

Экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон тармак колдоого муктаж. Керектөө жыл сайын 9-10% га өсүп, ал эми жаңы кубаттуулуктар киргизилген жок. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурда энергетика тармагында электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын 3,5 млрд. кВт/саатты түзөт.

 

Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес деп ойлойм. Социалдык коргоого муктаж болгондор үчүн 1 кВт/с – 55 тыйын болот. Ал эми бийик тоолуу райондордо 700 кВт/с чектөө жок. Бул райондордун жашоочулары 1 сом 11 тыйын төлөшөт.

 

Тарифтерди электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркына чейин пландуу жана акырындык менен жогорулатуу – бул тармакты өнүктүрүү үчүн негиз түзүүгө карай биринчи кадам. Кыргызстан олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Биз азыркыдан он эсе көп электр энергиясын өндүрүп, суу ресурстарыбызды рационалдуу колдоно алабыз. Болгону биздин энергетиктерди колдошубуз керек”, – деген Ибраев.

Связанный пост