Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди. Кеңешменин жүрүшүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын түптөлүшүнө “мезгил кутусун” салуу салтанатына катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи, анткени Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп […]Читать далее
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Дарыгер белгилегендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине башкармалыктын башчысы полковник А.Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2024-жылдын 4 айында өлкөдөн экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктардын көрсөткүчтөрү камтылган маалыматтарды жарыялады. Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандан 80 миң 996 баш мал экспорттолгон: бодо мал – 42 238 баш; кой-эчки – 35 225 баш; жылкы – 3 533 баш. Ал эми өлкөгө 6 миңден ашык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган, ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн болчу. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен, долбоор 2020-жылга чейин токтолуп […]Читать далее
Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда. Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты. Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо […]Читать далее
Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. Учурда медициналык клиникада трансплантология бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. Белгиленгендей, клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы №88 […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Булардын ичинен 278,8 миң – балдар, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар. Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу, 2022-жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун […]Читать далее