Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 5-май – Конституция күнү менен куттуктады. Анда мындай деп айтылат:

 

Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

 

1993-жылдын дал ушул күнү эгемен мамлекетибиздин негизги Баш мыйзамы кабыл алынып, келечекке багытталган маанилүү кадамдар жасалган. Көз карандысыздыгын кайрадан калыбына келтирген кыргыз эли үчүн аталган алгачкы документ жаңыланууга жардамчы болуп, өз алдынча өнүгүүгө өбөлгө түзгөн. Конституциябыз негизги жол чырак катары кызмат кылып, жаӊы курулган мамлекеттин пайдубалын түптөөгө, бийликтеги теӊ салмактуулукту жана өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого көмөкчү болгон.

 

Бирок, андан берки 31 жыл аралыгында бир топ өзгөртүүлөргө учурап, жаңыртылып келгени да жашыруун эмес. Баш мыйзамыбыздын акыркы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүүгө сунушталган. Андагы түзөтүүнүн негизги максаты бийликтегилердин жоопкерчилигин арттырып, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүү экендигин жарандарыбыз жакшы түшүнүп, демилгени колдоого алды. Азыркы тапта демократиялык чакырыктарга, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарыбызга негизделген Конституциябыз ийгиликтүү колдонулууда. Баш мыйзамыбыздын алкагында саясий-укуктук реформалар ишке ашырылып, социалдык-экономикалык багыттарда алгылыктуу кадамдар жасалууда. Албетте бул чек эмес! Бардыгыбыз мыйзамга баш ийген укуктук мамлекетти калыптандырууну улантышыбыз керек.

 

Ардактуу мекендештер!

 

Сиздерди дагы бир жолу Конституциябыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак каалайм! Ар бирибиз мыйзам талаптарын бекем сактап, Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн талыкпай кызмат кыла берели.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев

Связанный пост