Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү

 Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү

Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.

 

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2024-жылдын 27-июну саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

 

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине котормосу менен.

 

2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.

 

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

 

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

 

5. Медициналык күбөлүк 086-у.

 

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

 

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!

Связанный пост