Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды

 Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды

Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

 

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

 

Алардын ичинен Сузак РИИБнин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

 

Андан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Связанный пост