Абсаттар Сыргабаев коомдук иш-чараларды уюштурууда жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти

 Абсаттар Сыргабаев коомдук иш-чараларды уюштурууда жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев район, шаар, айыл аймак башчылары, укук коргоо жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жыйын өткөрдү.

 

Анда Сузак районундагы Манас айтуу иш-чарасында орун алган кырсыктын келип чыгуу себептери, уюштуруудагы кемчиликтер, жетекчилердин, милиция кызматкерлеринин жоопкерчилик маселелерин белгиледи.

 

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары район, шаар, айыл аймактардагы бардык коомдук, мектеп жана бала бакчаларга чейинки иш-чараларларды уюштурууда жергиликтүү бийликтин, тийиштүү кызматтардын уруксаты болуусу керектигин эскертти. Коюлган талаптар аткарылбаса, жетекчилер кызмат орундарынан алынып, тартиптик чара көрүлөөрүн айтты.

 

Белгилей кетсек, Сузак районундагы окуучулар менен катталган кырсыктан улам, президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия курамы иш алып барууда.

Связанный пост