Бишкектен Ошко учкан учак авариялык конууга мажбур болду

 Бишкектен Ошко учкан учак авариялык конууга мажбур болду

Бишкек – Ош багыты боюнча каттаган Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 4-майда авариялык конууга мажбур болду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.

 

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын себеби учактын кыймылдаткычынын бирине урунган канаттуу болушу мүмкүн.

 

Аба майдандан көтөрүлгөн учак 10 мүнөттөн кийин кечки саат 18:17де кайра келип конгонго аргасыз болгон. Окуяда жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок.

 

“Жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагына жайгаштырылган. Учурда учакты техникалык адистер текшерип жатышат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост