Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте №93,79,97 мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Бул долбоорго “Жер Ынтымагы” (Арча-Бешик) […]Читать далее
2023-жылдын 5-апрелинде, Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлдүн №38 жана №40 балык уулоочу тилкелерине 1,5 миллион даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Балыктандыруу иш-чарасы Балык чарба департаментинин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи, КР УИА БИнун, Түп райондук ветеринардык кызматы, Ысык-Көл облусунун “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын ИИБ […]Читать далее
Бүгүнтөн тартып биринчи класска электрондук каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин, экинчи этап – жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин. Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын […]Читать далее
Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунан билдиришти. Бүгүнкү күндө жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат. Буга чейин […]Читать далее
Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын сайтында маалымдалат. Кызматтын билдирүүсүнө таянсак, Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү органдарынын республикадагы мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдөгү ишин жетишсиз деп эсептейт. “Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп […]Читать далее
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө, “Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” Бишкек филилалынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, шаар куруу жана жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерине атайылап жалган маалыматтарды жана кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкендиги аныкталган. Аталган кызмат адамдары “А.С” курулуш […]Читать далее
Көгүлтүр көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди. Мурунку жума ичинде облустун Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган көлдүн аянттары тазаланды. 12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 000 гектар аянты камтылып, суу астынан 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500метр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар”,- […]Читать далее
Кыргызстанда 2019-жылдан тартып айылдык кеңештерге шайлоолордо аял-талапкерлер үчүн ар бир округда мандаттардын 30% кем эмесин резервдѳѳ каралган. Бул тууралуу КР БШК маалымат бѳлүмү билдирди. Мындай атайын чара Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзамдык деңгээлде аялдардын саясатка тең укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2021-жылы айылдык кеңештерди шайлоодо мындай чараларды массалык колдонуу […]Читать далее
АРИС Баткенге 5 социалдык обьект куруп баштады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда Баткен районунун чек арага чектеш аймактарында АРИС уюму тарабынан 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды. Алар, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп жана 75 орундуу бала бакча . Көк-Таш айылында 50 орундуу бала […]Читать далее