Анталияда кыргызстандыктар 7-апрелден 8-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиядагы шаардык өлүкканага жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан. Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгондордун бири КР жараны 1993-жылы туулган Б.к.А.нын өздүгү такталды, ал эми экинчи жабырлануучу Д.А.нын моюн сөөгү сынып, […]Читать далее
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Жарлыгына ылайык, бүгүн -2023-жылдын 9-апрели Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештеринде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор күнү экендигин билдирет. 1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн ѳлкѳнүн 5 облусунда 53 шайлоо участкасы ачылган. 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү саат 8:00дѳн 20:00гѳ […]Читать далее
Ош шаарында 31-августка чейин бир катар жолдор реконструкцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 7-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев мэр Бакытбек Жетигеновдун бир катар көчөлөрдү реконструкциялоо боюнча берген протоколдук тапшырмасынын аткарылышын текшерди. Тактап айтканда, Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү, Алай көчөсүнүн жолун, Каныкейдин эстелигинин жанындагы скверди реконструкциялоо иштери, ошондой эле […]Читать далее
8-апрель 2023-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 13 жана Лейлек районунда 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде 100 000 сом өлчөмүндөгү социалдык жардам сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү иш чарага КР Жогорку Кенешини депутаты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович, ошондой эле Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге Камчыбек Ташиев үй куруп берет. Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан. Камчыбек Ташиев бүгүн аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке барды. Мамлекет башчысы намаз окуп, ал жерде болгон мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү. Ошол эле жерде Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтом: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштеп жаткан жарандарга эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон, ошондой эле […]Читать далее
КР ӨКМ пресс-борбору билдиргендей, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен. Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издеп-куткаруу иштерин аткарышты. Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда […]Читать далее
«МЭА» ААК: Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Россиянын «Азимут» авиакомпаниясы ушул жылдын май айында Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда. Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттам болжол менен 5- майдан тартып жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылышы күтүлүүдө.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Министрлер Кабинетинин башчысын «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдраимов коштоп жүрдү. Буга чейин Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими […]Читать далее