Биринчи класска электрондук каттоо башталды

 Биринчи класска электрондук каттоо башталды

Бүгүнтөн тартып биринчи класска  электрондук каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин, экинчи этап – жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин. Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg  порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9дан 18ге чейин  телефондо кеңеш берүүчү   борбор иштей баштайт. Билим берүү министрлиги белгилегендей быйыл 1-класска  2016-жылы төрөлгөн балдар барат жана электрондук каттоого турууга тийиш.

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024 окуу жылына карата республика боюнча 2 миң 95 мектепте 186 миң 201 квоталык орун бар экендигин маалымдайт. Анын ичинде окутуу кыргыз тилиндеги мектептер үчүн – 107 миң 563, окутуу орус тилиндеги мектептер үчүн – 68 миң 670, окутуу өзбек тилиндеги мектептер үчүн – 9 миң 607, окутуу тажик тилиндеги мектептер үчүн – 361 квота.
Анын ичинде окутуу кыргыз тилиндеги мектептер үчүн – 107 миң 563, окутуу орус тилиндеги мектептер үчүн – 68 миң 670, окутуу өзбек тилиндеги мектептер үчүн – 9 миң 607, окутуу тажик тилиндеги мектептер үчүн – 361 квота.
Шаар, облустар боюнча бөлүнгөн квоталар:
Бишкек шаары боюнча 97 мектепке 20 миң 875 квота каралган (анын ичинде кыргыз тилиндеги мектептер үчүн – 10 миң 40, орус тилиндеги мектептер үчүн -10 миң 835);
Ош шаары боюнча 52 мектепке 11 миң 289 квота каралган (кыргыз – 2 миң 325, орус – 7 миң 644, өзбек – 1 миң 320);
Баткен облусу боюнча 226 мектепке 16 миң 922 квота каралган (кыргыз – 11 миң 714, орус – 3 миң 516, өзбек –1 миң 359, тажик – 333);
Жалал-Абад облусу боюнча 467 мектепке 36 миң 334 квота каралган (кыргыз – 22 миң 771, орус – 9 миң 958, өзбек – 3 миң 605);
Талас облусу боюнча 107 мектепке 7 миң 385 квота каралган (кыргыз – 5 миң 913, орус – 1 миң 472);
Нарын облусу боюнча 141 мектепке 7 миң 851 квота каралган (кыргыз – 5 миң 562, орус – 2 миң 289);
Чүй облусу боюнча 298 мектепке 30 миң 601 квота каралган (кыргыз – 13 миң 657, орус – 16 миң 944);
Ысык-Көл облусу боюнча 192 мектепке 14 миң 504 квота каралган ( кыргыз – 9 миң 188, орус – 5 миң 316);
Ош облусу боюнча 515 мектепке 40 миң 404 квота каралган ( кыргыз – 26 миң 393, орус –10 миң 696, өзбек – 3 миң 323, тажик – 28).

Связанный пост