Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты

 Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров  Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.

Связанный пост