Бишкекте мобилдик бала бакчалар ачылууда

Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте  №93,79,97  мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат.  Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды.

Бул долбоорго “Жер Ынтымагы” (Арча-Бешик) конушунун 2 жаштан 7 жашка чейинки мектепке чейинки курактагы балдары кирет. Балдардын бала бакчадагы  убактысынын узактыгы 1 саат (45 мүнөт). Ошондой эле аталган долбоор боюнча балдарды бакчага алып келген ата-энелер да окушат. Адистер ата-энелерге балдарды мектепке кантип даярдоону үйрөтүшөт.

Ачылыш аземге  социалдык маселелер боюнча акимдин  орун басары Жунусова Айзада жана Ленин райондук билим берүү борборунун директору Темирканова Таалайгуль катышты.

Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жалпы камтуу, балдарды мектепке даярдоо болуп саналат. Ошондой эле “Көчмө бала бакча” долбоору Ленин районунун башка конуштарында да ишке ашырылат.

Связанный пост