Баткен районунда 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды

АРИС Баткенге 5 социалдык обьект куруп баштады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Баткен районунун чек арага чектеш аймактарында АРИС уюму тарабынан 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды.

Алар, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп жана 75 орундуу бала бакча .

Көк-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу.

Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин 150 орундуу кошумча корпусу.

Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебинин 100 орундуу кошумча корпусу курулуп баштады.

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн бүгүн 8-апрелде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана АРИС уюмунун жетекчиси Марс Насбеков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдер кабар алды.

Связанный пост