Коом

Ош-Омск багыты боюнча авиакаттамдар жанданды

«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Ош-Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Орусиялык «Северный ветер» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-мартынан баштап үзгүлтүксүз Омск-Ош-Омск багыты боюнча авиакаттамдарын жандантты. Авиакаттамдар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.Читать далее

Коом

Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрү Уралда сунушталды

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жетектеген делегация 2023-жылдын 7-8-апрелинде Екатеринбург шаарында жыл сайын өтүүчү “ЖАЙ-2023” Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты. Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, атап айтканда «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», […]Читать далее

Коом

ӨКМ: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек – Ош унаа жолунун  121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;  198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;  Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз […]Читать далее

Коом

Кыргызстан боюнча өткөн апта ичинде СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды

Кыргызстан боюнча 3нөн 10-апрелге чейин СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат. […]Читать далее

Президент Эл аралык мамилелер

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги […]Читать далее

Коом

Бишкекте кичи автобустардын кыймылы боюнча маалыматты онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору тарабынан «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жана Бишкек шаарынын мэриясынын e-meria.kg порталында кошумча модул иштелип чыкты. Эми “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде троллейбустардын жана автобустардын жайгашкан жеринен тышкары, шаардыктарга кичи автобустардын кыймылы боюнча кошумча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кошумча функцияны колдонуу үчүн сиз тиркемени жаңыртышыңыз керек же төмөнкү Play Marketтеги шилтемеден […]Читать далее

Коом

Ысык-Көл облусунда желимди кайра иштетүүчү завод курулду

Ысык-Көл облусунда алгачкы жолу желимди кайра иштетүүчү завод Ак-Суу районунда курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Ак-Суу районунда желимди кайра иштетүүчү завод жакынкы күндөрү ишке берилмекчи. Ишкана 2022-жылы жеке ишкер тарабынан курула баштаган. Ишкер долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан долбоор колдоого алынып 20 млн. сом ишкананы курууга […]Читать далее

Жогорку Кеңеш Коом

Төрага Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевди эскерүү иш-чарасына

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде туулган, көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Иш-чарада улуу инсандын өрнөктүү өмүрү тууралуу сөз […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстандын жараны 4 млн 350 миң сомдук контрабандалык дары-дармектер менен

КР УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну кармалды. Ал жарандын башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаада эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер болгон. Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн […]Читать далее

Кадр саясаты

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кадыркулов Идрис Анарбекович Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыния Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.Читать далее