Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган

 Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын сайтында маалымдалат.

Кызматтын билдирүүсүнө таянсак, Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү органдарынын республикадагы мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдөгү ишин жетишсиз деп эсептейт.

“Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп Кыргызстандын Чүй облусундагы компания жөнүндө болуп жатат. Аталган компания өзүн “Адал” стандарты боюнча эт азыктарын чыгарган ишкана катары көрсөтүп келет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост