14 айылдык кеңештерге шайлоолордо аялдар үчүн 97 мандат резервделди

 14 айылдык кеңештерге шайлоолордо аялдар үчүн 97 мандат резервделди

Кыргызстанда 2019-жылдан тартып айылдык кеңештерге шайлоолордо аял-талапкерлер үчүн ар бир округда мандаттардын 30% кем эмесин резервдѳѳ каралган. Бул тууралуу КР БШК маалымат бѳлүмү билдирди.

Мындай атайын чара Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзамдык деңгээлде аялдардын саясатка тең укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

2021-жылы айылдык кеңештерди шайлоодо мындай чараларды массалык колдонуу бүткүл республика боюнча айылдык кеңештерде аялдардын ѳкүлчүлүгүн 9%дан 38%га жогорулатууга жана жергиликтүү деңгээлде дээрлик тѳрт эсе кѳбѳйтүүгѳ мүмкүнчүлүк берди,

Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештердеги азыркы шайлоолордо мындай резервдѳѳ биринчи ирет колдонулууда, бардыгы болуп 254 депутатты шайлоо пландаштырылууда, алардын ичинен 97 мандат аялдар үчүн резервделген. Кѳрсѳтүлгѳн талапкердин бардык саны 493 адамды түзгѳн, алардын ичинен 174 аялдар болуп саналат.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳдѳ ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык алгач аял талапкерлердин ортосундагы мандаттар бѳлүштүрүлѳт.

Аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

2-3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

4-5-6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

7-8-9-10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

11-12-13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

14-15-16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Связанный пост