Дүйнөдө

Элчи Талантбек Кушчубеков Венгрияда билим алып жаткан кыргыз жарандары менен

  26-августта Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык  коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.   […]Читать далее

Коом

Бишкекте курулуп жаткан 15 мектептин үчөө окуучуларды кабыл алууга даяр

Бишкекте жаңы окуу жылына карата ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө даяр. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок. Курулушка республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралган. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, 1-сентябрга үч мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр, калган 12 окуу жайды 15-сентябрга чейин […]Читать далее

Экономика

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Алар: – “Санариптик көчмөн” статусу; – Кыргызстанда бизнести каттоо; – Кыргызстанда салык салуу; – ИТБ – Ишкерлерди тейлөө борбору; – Кыргызстанда салыктык отчеттуулук. “Колдонмолордун ар бири юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн каттоо, калкты тейлөө борборлорунун жана ишкерлерди тейлөө […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги 550дөн ашык майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жай мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар, багып алуучу үй-бүлөлөр, жетим балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн Ысык-Көлдө акысыз эс алууну уюштурду. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 448 бала жана өспүрүмдөр “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алышты. Дагы […]Читать далее

Маданият

Эгемендүүлүк күнү Садыр Жапаровдун катышуусунда Чуңкурчакта салтанаттуу иш-чара өтөт

31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана […]Читать далее

Саясат

Индия элчиси КР ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

 Бүгүн, 29-августта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Министр Ж.Кулубаев Индиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы чыңдоо үчүн жемиштүү иш алып барууну каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө […]Читать далее

Спорт

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө. “Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи […]Читать далее

Экономика

Министрлер кабинети Теңгиз Бөлтүрүккө эки жума ичинде Кумтөр боюнча отчет

Министрлер кабинети “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКында тышкы башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эскерте кетсек, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан. Анда Акылбек Жапаров кеңешме […]Читать далее

Коом

Эгемендүүлүккө 31 жыл. 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү. Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. “Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби […]Читать далее

Коом

Бишкектен Исламабад шаарына туруктуу авиакаттам ачылды

2022-жылдын 27-августунан тарта Бишкек-Исламабад-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы аткарат. Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат.Читать далее