Экономика министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты

 Экономика министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

– “Санариптик көчмөн” статусу;

– Кыргызстанда бизнести каттоо;

– Кыргызстанда салык салуу;

– ИТБ – Ишкерлерди тейлөө борбору;

– Кыргызстанда салыктык отчеттуулук.

“Колдонмолордун ар бири юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн каттоо, калкты тейлөө борборлорунун жана ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректери, мамлекеттик органдардын иш убактысы жөнүндө маалыматтарды, зарыл документтерди жана каттоо мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү камтыган кадамдык нускамалардан, ошондой эле процедуранын башка деталдарынан турат”. – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстанда мындай колдонмолор биринчи жолу иштелип чыкты. Алар бизнесмендерге, анын ичинде Кыргызстанга келген жана өлкөдө бизнес жүргүзүүнү көздөгөн чет элдик жарандарга пайдалуу болмокчу жана бул тууралуу маалымат Экономика министрлинин сайытында жеткиликтүү.

Колдонмолор тууралуу маалымат Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жеткиликтүү.

Связанный пост