Саясат

Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы  Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри […]Читать далее

Саясат

Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү. Отурумга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты. Жыйынды […]Читать далее

Саясат

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Жолугушуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин жыйын тар чөйрөдө башталды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы өкмөт башчыларына жыйынга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү иш каалады. Андан соң жолугушуу жабык эшик артында уланды. Жыйындын күн тартибинде интеграциялык […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Беларустун премьер-министри Роман Головченко келди

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.Читать далее

Коом

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот

 Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот. Бул тууралуу “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунан билдиришти. Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн ички иштер органдарына арыз берүүгө жана аны алууга эки жолу барып, убара болуунун кажети жок. “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 7 күндүн ичинде соттолбогондугу тууралуу маалымкатты акысыз алууга болот”, – деп […]Читать далее

Саясат

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.Читать далее

Спорт

Нарында көк-бөрү боюнча беттеш башталды

Бүгүн, 25-августта Нарын районунун Эмгекчил айылындагы КР эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш салтанаттуу ачылды. Ат оюндарынын ачылыш аземи республиканын аймактарынан келген көкбөрүчүлөрдүн сапка тизилген салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Ачылыш аземде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары Раимбек Токтобаев, Нарын районунун […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди

 Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.Читать далее

Дүйнөдө

Өзбекстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси өттү

 Кечээ, 24-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекистандын коргоо министрлери катышты. Отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле коргоо жана […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.Читать далее