Эгемендүүлүк күнү Садыр Жапаровдун катышуусунда Чуңкурчакта салтанаттуу иш-чара өтөт

 Эгемендүүлүк күнү Садыр Жапаровдун катышуусунда Чуңкурчакта салтанаттуу иш-чара өтөт

31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата иш-чаранын салтанаттуу ачылышынын башталышы болжол менен саат 09:40та.

Связанный пост