Коом

“Асанбай” сейил багын жаңылоо максатында вице-мэр тургундар менен жолугушту

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри Нурдан Орунтаев Октябрь районунун жашоочулары менен Бишкек шаарынын 125 жылдыгы (Асанбай) атындагы паркын модернизациялоо боюнча жолугушту. Жолугушууга Мунципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу, акимдин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков, ЖК депутаты Дастан Бекешев, парктын ижарачысы жана райондун тургундары катышты. Вице-мэр аталган паркты […]Читать далее

Маданият

Чуңкурчакта жол кыймылын көзөмөлдөөгө 200дөн ашык кызматкер тартылат

Эртең, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда жол кыймылын көзөмөлдөөгө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 200дөн ашык кызматкер тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. “Ыңгайлуулукту түзүү жана унааларды туш келди токтотууларга жол бербөө үчүн […]Читать далее

Медицина

Ушул жумада Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунан Pfizer вакцинасын алууга болот

Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, күн мурун Кыргызстанга Pfizer компаниясынан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинасы үчүн эриткичтер келген. “ИАРБ адистери дароо эле өлкө боюнча вакцинаны таратууну пландаштыра башташты. Бүгүн, 30-августта, Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пункттары, андан […]Читать далее

Маданият

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Чуңкурчак жайлоосунда өтө турган салтанаттуу иш-чаранын программасы

Эртең, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-чаранын программасын жарыялады: Саат 10:00 – 10:20 – Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи; Саат 10:30 – 10:55 – “этно-базардын”, “кыргыз айылынын”, “ынтымак” республикалык кароо-сынагынын жана “улуттук спорт оюндарынын” […]Читать далее

Коом

Бишкекте мыйзамсыз туташкан зымдар кесилүүдө

Шаардыктардын коопсуздугу жана борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз туташкан зымдарды кесүү иштери уланууда. Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз тартылган зымдарды текшерүүгө алган. Бул жолу Эмен сейил багындагы зымдар алынды. Негизинен мыйзам бузуулар батуттардын электр жарыгына, ошондой эле балмуздак жана суусундуктарды сатуучу жайлардын уруксатсыз […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Алсак, Чолпон-Ата […]Читать далее

Саясат

МСК: “Бузук ККМди колдонгондорго административдик жоопкерчилик каралган”

Бузук ККМди колдонгондорго административдик жоопкерчилик каралгандыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Маалыматка ылайык, акыркы убакта Мамлекеттик салык кызматына “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясына катышкан жарандардан чектеги QR-коддун сапаты начар болгондуктан кодду сканерлөө мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Ушуга байланыштуу ишкерлерге бузук ККМди колдонгондугу үчүн эскертүү берүүгө же айып салууга алып келерин […]Читать далее

Коом

Ленин чокусунда альпинисттер сууктан каза болду

Ош облусундагы Ленин чокусунда Россиянын эки жараны сууктан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, 28-августта милицияга Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 миң 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы В.Г. жана 41 жаштагы Ш.В. аттуу жарандары каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө […]Читать далее

Маданият

Маданият министрлиги менен Якутиянын Тышкы байланыштар министрлиги кызматташтыкты талкуулады

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынын тышкы байланыштар министринин орун басары Сергей Хатылыков менен жолукту. Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Максим Аммосовдун 125 жылдыгынын урматына пландаштырылган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Максим Аммосовдун мааракесине, ошондой эле Якут […]Читать далее

Маданият

Бишкекке «Город 312» тобу келди

29-августта Бишкек шаарына “Город 312” тобу келди. Алар бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүүнүн расмий бөлүгүнө катышат. Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте концерт […]Читать далее