Эмгек министрлиги 550дөн ашык майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн эс алуу уюштурду

 Эмгек министрлиги 550дөн ашык майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн эс алуу уюштурду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жай мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар, багып алуучу үй-бүлөлөр, жетим балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн Ысык-Көлдө акысыз эс алууну уюштурду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 448 бала жана өспүрүмдөр “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алышты. Дагы 103 бала “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык борборуна жөнөтүлдү.

“Мында балдардын жана коштоп жүрүүчүлөрдүн транспорттук чыгымдары эки тарапка тең “Алтын балалык” директору тарабынан каржыланган. Жакын арада балдардын дагы бир агымы “Алтын балалык” комплексине барат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост